Все новости

Бишкекте 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоолордун тобокелчиликтерин талкуулаган тегерек стол өтүп жатат

Жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү, айрым бийликтин жана партиялардын өкүлдөрү, саясатчылар жана ЖК депутаттары, ошондой эле эксперттер катышкан тегерек столду «Адилеттүүлүк үчүн» комитети уюштурган

Жолугушуу учурунда депутат Исхак Масалиев 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоолорго карата мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты.

«Депутаттарды эл шайлайт» деген конституциялык принцип бар. Бирок биз тизме менен шайлап жатабыз. Фракция лидери тизмени өзү каалагандай түзүп жатат. Ошон үчүн шайлоого арналган бир топ мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Бул мыйзам долбоорубуз учурда кандайдыр бир белгисиз себеп менен комитетке чыга элек. Ушул айдын ичинде комитетке талкууга чыгат деп күтүп жатабыз » деди эл өкүлү.

Тажрыйбалуу саясатчылардын айтымында КРнын шайлоо мыйзамдарында кемчиликтер көп. Алардын ою боюнча бул жолугушууларда жана мындай пикир алмашуулар ошол кемчиликтердин өзгөрүүсүнө жана жаңы шайлоо системасын курууга мүмкүнчүлүк береби деген суроого жооп издейт.

Жолугушуу учурунда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлору туурасындла кенен айтып беришти.

«Шайлоочулардын санына ылайык Кыргыз өлкөсүн 13 шайлоо аймагына бөлөлү деп жатабыз. 13-аймак — сыртта жүргөн Кыргыз жарандары» деди Мирлан Бакиров.
Коомдук ишмер Калича Өмүралиева болсо, партиялык системага каршы экенин билдирип, элдин депутаты болгусу келгенин айтты.

«Эгер шайлоочуларды 9 аймакка бөлсөк, аймактык лидерлер парламентке келип, өздөрүнүн маселелерин гана чечкенге аракет кылышат. Парламенттин сапаты андан бетер начарлайт» деди эксперт.

Убагында Жогорку Кеңешти жетектеп турган экс-спикер Зайнидин Курманов «Парламент президентти жеңген учурлар аз болгон. Ачык партиялык тизме кылыш керек. Парламентке элдин коргоочулары келет. Азыр андайлар аз» деп айтты.
Жарандык коомдун активисттери шайлоодогу үгүт учурунда акчаларды чачууну токтотуш керектигин айтышып, административдик ресурс колдонулбаш керектигин билдиришти.

“Адилеттүүлүк үчүн” кыймылынын уюштуруучусу, Экс-депутат Равшан Жээнбеков: «Эски эрежелер менен шайлоого бара албайбыз. Жаңы реформалар керек» – деп билдирди.