Бүгүн 24-апрелде эртең мененки саат 11:05 чамасында Бишкек ШИИББнын нөөмөт бөлүмүнө бомба катылышы мүмкүн делген кол баштык табылганы туурасында маалымат келип түшкөн.
Милиция жана УКМКнын кызматкерлери тез арада Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Экономика министрлигинин имаратын курчоого алышкан. Бомба болушу мүмкүн делген кол баштыкта жөнөкөй эле акыр-чикир таштанды бар экени белгилүү болду.