Без рубрики

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алардын айтымында, өрт жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан. Тактап айтканда, жыгач курулуш материалдары күйүп кеткен. Тилсиз жоо 23:03тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.