Без рубрики

Бишкекте ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйыны өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын катышуучулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары менен жылуу учурашып, аларды өткөн Жеңиш Күнү менен куттуктады жана келерки жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

Уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин түзүү жөнүндө мамлекеттер башчыларынын чечимин аткаруу создугуп жатканын белгилеп, жамааттык коопсуздук Кеңешинин төрагасы катары Сооронбай Жээнбеков өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүүнү өтүндү.

«Парламенттик Ассамблея мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдерди ратификациялоодо өз ара аракеттешүүсү өтө маанилүү. ЖККУ Байкоочусу жана ЖККУ Өнөктөшү макамдарын аныктаган Протоколду ратификациялоо боюнча ишти тездетүүгө чакырам. ЖККУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Протоколдун чоң мааниси бар. Бул жаатта Парламенттик Ассамблея алдыга кетип, Афганистан жана Сербия сыяктуу „өз“ байкоочулары бар. Бүтүндөй Уюмдун деңгээлинде бул ишти активдештирү зарыл. ЖККУ Байкоочулары менен Өнөктөштөрүн тартууда парламенттик дипломатиянын салымы баа жеткис экенине ишенем», — деп белгиледи Президент жана Парламенттер башчыларын бул ишке активдүү киришүүгө чакырды.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин Парламенттер башчыларынын атынан Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин сүйлөдү.

Ал Кыргызстандын ЖККУда төрагалык кылып жатканын эске алуу менен Сооронбай Жээнбековдун каалоо-сунуштарын угуу маанилүү экенин белгиледи.
Ал баса белгилегендей, коопсуздук маселелерин кароого катышкысы келгендердин коалициясын кененирээк түзүү керек деген пикир эң туура. Бүгүн 2 өлкө ЖККУ ПАда байкоочу болуп саналат — Сербия жана Афганистан.

«Катышууга суроо-талап чоң, аны башка өлкөлөр дагы билдирип жатышат. Бул сунуштарды активдүүрөөк карап чыгып, жалпы коопсуздук жаатында баарлашууну активдүү жүргүзүүгө жол берген чечимдерди кабыл алуу туура болмок. Сиздин сунуштар бул процесстерди кыйла тездетет», — деп белгиледи Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин.

Иш-чаранын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын күн тартибинде олуттуу маселелер көп экенин белгиледи.

«Биргелешкен аракеттер менен биз жамааттык коопсуздукту камсыз кылып, жаңы тобокелчиликтер менен коркунучтарга каршы тура алабыз. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны мурдагыдай эле конструктивдүү духта жана пайдалуу натыйжалар менен өтөөрүнө ишенем. Сиздерге активдүү дискуссияларды жана жыйында жемиштүү иштөөнү каалайм», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.