Без рубрики

Дүйнөнүн эң күчтүү кызы мекенине кайтып келди

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн эл

аралык «Манас» аба майданына келип конду.

Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен отурган учак  Бишкекке бүгүн 7-апрелде саат 19:00дө конду.

«Манас» аба майданында спортчуну жакындары жана көп сандаган күйөрмандары күтүп турушкан. Андан сырткары Улуттук филармониянын оркестри, моиоциклчендер тобу, ошондой эле мамлекеттик жогорку кызматтагы аткаминерлер да дүйнө  мушкерин салтанаттуу тосуп алышты. 

Кучагы гүлгө толгон жакындары жана күйөрмандары менен биргеликте бир топ унаа коштогон кортеж менен Бишкекке жөнөп кетти.

UFC нын жеңил салмактагы ажарлуу чемпиону, дүйнөнүн эң күчтүү мушкер кызы Валентина Шевченко эртең 8-апрелде саат 16:00дө «Бишкек парк» соода борборунда күйөрмандары менен жолугуша турганы маалымдалды.

Ал эми 9-апрелде түштүк борбору Ош шаарына барып кечки 18:00дө борбордук аянтта жолугушуу өткөрөт.