Без рубрики

Дагы бир судья Кыргызстандан чыгып качып кетти

Чүй областынын Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликс өлкөдөн чыгып качып кеткенин УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызматтар ага издөө жарыяланганын айтышты

Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Марлес Феликс пара алууга шектелип 2018-жылдын күзүндө мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулган. Андан соң судьялар кеңешинин тартип комиссиясы Марлес Фелискти жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Маалым болгондой Марлес Феликс талашка түшкөн жер тилкелери маселелери боюнча иштерди карап келген.

Марлес Феликс Түркия мамлекетине качып кеткендиги маалым болду.
Буга чейин аскер сотунун мурунку төрагасы Нурланбек Ашымбеков да качып кеткен. Ага да издөө жарыяланган.

Ошондой эле, Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев 1300 административдик иштерди жок кылып өлкөдөн качып кеткен. Учурда ал АКШда экени маалымдалат.