Без рубрики

Дамир Мусакеев 5 жылга эркинен ажыратылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга камалганы белгилүү болду. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Мусакеев кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүрүүгө айыпталып, 5 жылга соттолду. Чечимди бүгүн, 24-майда Свердлов райондук соту чыгарды. Мындан сырткары Мусакеевке 70 миң сом айып пул салынды. Азыр аны СИЗО-1ге алып кетишти», — деди Жолдубаева.

2019 — жылдын февраль айында ага карата «кызматтык абалынан пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шектелүүдө. Ал эми 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.