Без рубрики

Дамир Мусакеев: “Мен бирөөгө катуу жолтоо болуп жаткам го”

Бүгүн 10-майда УКМКнын мурунку бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерди чакырып өзүнө таандык болгон турак-жайларын көрсөттү.

“Мен жогору жактагыларга катуу жолтоо болуп жаткан окшойм. Эгерде алар айткандай 20 миллиондук мүлкүм болсо үй-бүлөм менен тыгылып УКМКнын жатаканасында жашабайт элем. Ага карабай мага жалган жалаа жаап мүлкү көп, мыйзамсыз байыган деп жатышат. Мунун баары калп. Мага келип Атамбаевден кетип, азыркы бийликтен кызмат сура дешкен, бирок мен макул болгон жокмун”-деди Дамир Мусакеев.
Анын айтымында Чүй облусунун Биримдик конушундагы 6 сотка жер тилкесин атасы 2006-жылы 25 миң сомго сатып алган. Сатылып алынганына 13 жыл болсо да үйдү куруу иштери аягына чыкпаганы байкалды. Учурда бул үйдө Мусакеевдин инилери жашап жатыптыр.

Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында УКМКНын 9-бөлүмүн жетектеп турган Дамир Мусакеев жалпы суммасы 20 миллион сомдук кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып мыйзамсыз байыганы туурасында маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына: ата-энесине, аталаш бир тууганына катталганы да маалымдалган.