Все новости

Дарига Назарбаева президенттик шайлоого катышпай турганы кабарланды

Казакстандык басылмалар жазгандай Казак парламентинин сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева президенттикке талапкерлигин коюуга ниети жок

Назарбаеванын жардамчысы Сауле Мустафаева журналист менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө ушундай деп жооп берген.

«Жок, Дарига Нурсултановнанын президенттик шайлоого катышуу ниети жок», — деген Мустафаева.

Эскерте кетсек, бүгүн президент Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялады.