Без рубрики

Дарыгерлер митингге чыгышты

Улуттук онкология жана гематология ооруканасынын алдына андагы дарыланып жаткан балдардын ата-энелери бүгүн 7-майда митингге чыгышты.

Оорукананын балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеванын айтымында Батукаевдин иши боюнча камакка алынган Макимбетов ушул ооруканада иштейт.Ал камалгандан бери балдарга операция жасоодо кыйынчылыктар пайда болду.
«Кээ бирлерине операция жасалбай турган болду. Кээ бирлерине башка, жаш доктурлар операция жасап жатышат. Мунун баарын Эмил Макимбетов көзөмөлдөчү. Айрым бейтаптар анын өзүн күтө турган болушту” – деди бөлүм башчы.

Митингге чыккандар дарыгер-онколог Эмил Макимбетовдун камактан бошотулушун талап кылышты. Колуна оорулуу баласын көтөрүп 35-40 адам түрдүү плакаттарды кармап чыгышты.

Улуттук онкология жана гематология ооруканасынын балдар бөлүмүндө 40тан ашуун бала дарыланып жатат. Алардын көпчүлүгү операцияга муктаж.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында ага «оорулуу деген аныктама берди» деп айыпталган дарыгер Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.