Баткен облусунун Кадамжай районунда 8 жашар өспүрүм дарыяга түшүп кетип дайыны жок болууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди
Бул окуя, кечээ 3-апрель күнү Кара-Жыгач айылында болгон. 2011-жылы туулган К. Ж. аттуу бала Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 18:50дө КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75- Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу чакырылып, издөө саат 22:00дө убактылуу токтотулду. Маалыматка ылайык, бүгүн да издөө иштери улантылып жатат.