Без рубрики

Дастан Догоев жаңы кызматтуу болду

Дастан Догоев Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар
жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,
Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана
байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Буга чейин УКМКга суракка чакырылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын тегерегинде пайда болгон жаңжалда аты-жөнү айтылып жүргөн Дастан Догоевди Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматтык
технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматына талапкерлигин көрсөткөн.
Жогорку Кеңеш Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырып, бүгүн ал жарлыкка президент кол койду.