Все новости

Депутаттар жаңы мэрди шайлашты

Балыкчы шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты

26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчынын жаңы шаар башчысы болуп шайланды.

Буга чейин шаар башчылыгына талапкер катары шаардык кеңештеги “Кыргызстан” жана “Замандаш” фракцияларынан эки депутат көрсөтүлгөн болчу. “Кыргызстандан” 40 жаштагы Мирбек Шакировко караганда депутаттар “Замандаштын” 26 жаштагы Марат Кудайбергеновту тандап, добуш беришти.

31 депутат добуш берүүгө катышып, алардын 22си Кудайбергеновту, ал эми 9у Мирбек Шакировту колдогон.

Жаңы шайланган Балыкчы мэри Марат Кудайбергенов 2011- 2017-жылдар аралыгында “Алыш Сервис” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. 2017-жылдын август айынан тарта Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп эмгектенген. 2019-жылдан тарта “Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын” маркетинг бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген.

ММКлар жазгандай ал Токмок шаардык кеңешинин депутатынын баласы. Агасы да депутат болуп иштейт. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлу Узарбек Жылкыбаевдин күйөө баласы деген да маалыматтар айтылууда.