Все новости

Дженнифер Лопес үйлөнүү үлпөт тоюна кандай даярдык коруп жатат?

Дүйнөнө белгилүү ырчы, актриса Дженнифер Лопес ырчы жана бейсболчу Алекс Родригес менен баш кошуу алдында турушат. Үйлөнүү той жай айларына пландалганы белгилуу болгон. Бул тууралуу The Gal Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтык булакка ырчы тойдун датасын азырынча сыр болуп калышын каалады. Ал «бул үйлөнүү той өзгөчө болот» деп билдирген. Ырчынын той көйнөгүн мурдагы тоюндагы көйнөктөрүн тиккен италиялык Valentino мода үйүндө тигилип жатканын айткан. Салтанаттын жалпы бюджети 15 миллион долларды чапчыды. Даамдуу тортту 50 миң долларга буюртма кылышканы айтылууда. Ал эми үлпөт кечесин өткөрүүгө алар Багам аралдарын тандап алышкан. Женнифер Лопес тойдо бардык тууган-достору болуусун каалайт. Ал жолдошунун мурдагы турмушундагы балдары менен жакшы тил табышарын басылмалар жазып чыкты. Эскерте кетсек, түгөйлөр 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келишет. Родригес буга чейин ырчыга 4,5 миллион доллар турган шакек тагып колун сураган. Лопес буга чейин 3 жолу турмушка чыгып ажырашкан, Родригес экинчи ирет үйлөнгөнү турат.