Все новости

Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти

Бүгүн 24-май күнү экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.

Экономика министри эртең менен иш ордунда болгон, андан кийин өкмөткө кеңешмеге кеткенден бери кайтып келе элек, деп билдиришкен. Ошондой эле тастыкташкандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзу экономика министри Олег Панкратовду кызматынан бошотууну сунуш кылган.

Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту “физика, информатика жана эсептөө техникасы” адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юриспруденция” бөлүмүндө билим алган. Экономика министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп баштаган.