Без рубрики

Экс-министр Динара Сагинбаева камакка алынды

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматы боюнча бүгүн мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен ЖАМК төрагасынын мурунку кеңешчиси камакка алынды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан бошотулушу боюнча суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Маалыматка ылайык, Сагынбаева Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалып, экөө үй камагына чыгарылган.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын чечиминин негизинде эксперттик медициналык топ 2018-жылдын 23-апрель күнү Батукаевке коюлган диагноз туура эмес экендигин айтып,диагноз коюда жалган маалыматтар пайдаланган деп билдирген.

Остко чейинки өндүрүштүн негизинде учурда 5 адам камака алынган. Анын экөосү үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев “өтүшүп кеткен кан оорусу” диагнозунун негизинде Нарын шаардык сотунун судьясынын чечими менен камактан бошотулуп, ошол эле күнү үй-бүлөсү менен Чеченстанга жеке менчик учак менен учуп кеткен.