Без рубрики

Фарид Ниязовко кылмыш иши козголду

Бүгүн, 29-мартта айрым массалык маалымат каражаттары мурдагы президенттин аппарат жетекчиси кызматында иштеген Фарид Ниязовко иш козголгонун жазып чыгышты

Маалыматта берилгендей, 2019-жылы 20-мартта ИИМдин Тергөө кызматына 2010-жылдын 6-7 –апрелинде каза тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасын кылмыш жоопкерчлигине тартуу боюнча М. Ч. аттуу жаран кайрылган.

Фарид Ниязов жана башка комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан пайдаланып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, дарылатпай, Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине которулган дарылоо үчүн делген 200 миң сомду кайтарып алышкандыгы айтылат.

Бул арыз ИИМде 2019-жылдын 20-мартында катталган жана материалдар Баш прокуратурага жиберилген деп жазылган маалыматта.

2019-жылдын 20-мартында Башкы прокуратура М.Ч. нын арызын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча айып коюлууда деген маалымат тарады. 2019-жылдын 20-мартында Баш прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына сотко чейинки иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү үчүн бул кылмыш ишин өткөрүп берген.

«Бизге келип түшкөн маалымат боюнча ал адамды арызды зордоп жаздырышкан.Билишибизче ал жаран апрель окуяларында жаракат алган. Ал адам мамлекеттин эсебинен Сочиге баргысы келгени менен каражатты бюджетке кайтарып.Ысык-Көлгө эс алууга жиберилген болчу. Жакынкы күндөрдө Фарид Ниязов өзү билдирүү жасайт»-деп билдиришти КСДП партиясынын басма сөз кызматы.