Все новости

ФОТО: 20 жылдык бүтүрүүчүлөр шаан-шөкөттүн ордуна, Алайда унаа жолун жарыктандырышты

Алай районуна караштуу Согонду айылынын №33 Саарбан Жаанбаева атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү шаан-шөкөттүн ордуна эл аралык маанидеги Ош—Эркеч-Там—Сары-Таш унаа жолун жарыктандырышты. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыкты.

Бул ойду бүтүрүүчүлөр өздөрү көтөрүп, жаштарга үлгү болуу максатында жана жүргүнчүлөрдүн, тургундардын коопсуздугу үчүн жалпысынан 5 чакырым жолду жарыктандырышкан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Мамбеталы Барымбаев Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата өлкөгө салым кошуу максатында аталган демилгени көтөрүшүп, аны бардык 20 жылдык бүтүрүүчү достору колдошконун айтты.

«Биз мектепти 1999-жылы аяктаганбыз. 20дан ашуун классташтар ушул демилгени көтөрдүк жана 2 айдын ичинде бүтүрдүк. Каражатты ар бирибиз колдон келишинче чогултуп, мамыларды өзүбүз орноттук»- дейт Мамбеталы Барымбаев. Ал жарыктандыруу иштерине 1 млн сомго жакын каражат жумшалганын билдирди.

[masterslider id=»15″]