Без рубрики

Германиядан Кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро грант берилери күтүүлүдө

Финансылык жана техникалык кызматташтык максатында Германия кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро гранттык каражат бере тургандыгы маалым болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады

КР президенти Сооронбай Жээнбеков бул боюнча документтерге 2018-жылды 13-декабрда Бишкек шаарында кол койгон. Кыргыз жана Германиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы каржылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 20-мартында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн соң күчүнө кирет.