Все новости

Иманкадыр Рысалиевтин уулу “КТ мобайл” жетекчисинин орун басарлыгынан кетти

«КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Иманкадыр уулу Эрназар кызматынан кетти. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады

«Өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазгандыгына байланыштуу Эрназар Иманкадыр уулу 15-майдан баштап «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкери болуп саналбайт» — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин интернетке «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Компаниянын өкүлү Эрназар Иманкадыр уулу бул маалыматты четке какты.

Бул боюнча ЖКтин депутаттары отурумда компаниянын маселесин карап, өзгөчө Иманкадыр уулу Эрназар сыяктуу жетекчиликтин айлык маяналарын текшерүү керектигин айтышты. Жогорку Кеңеште бул боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылзгазиев мамлекеттик кызмат менен бир туугандык мамиле эки башка экенин айтып, Иманкадыр Рысалиев менен бажа экенин тастыктады. Анын уулу бул компанияда иштегенин билген эместигин айтып,премьер-министр аны жумуштан бошотуш керектигин билдирген.