Без рубрики

Индияда кичинекей балакай жөжөнү байкабай басып алып, жардам бериш үчүн ооруканага алып барган

Индиянын Мизорама шаарынын кичинекей тургуну кокустан жөжөнү тебелеп алып, ооруканага алып барып дарыгерлерден жардам сураган окуя интернетке жарыяланды. Бул туурасында Индиялык ММКлар жазып чыгышты

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында Мизорама шаарынын кичинекей тургуну 6 жашар Дерек Лалханхима үйдүн короосунда велосипед тээп ойноп жүрүп кошунанын жөжөсү анын дөңгөлөгүнүн астына кирип кеткенин байкабай калат. Балакай велосипедди токтотконго үлгүрбөй калып, жөжөнү тебелеп алып, чуркаган бойдон жакынкы ооруканага жөнөйт.

Коркуп жүрөгү түшүп калган балакай колундагы болгон 10 рупий акчасын сунуп дарыгерлерден жөжөгө жардам берүүсүн өтүнүп суранган сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен.

Facebook ка окуянын күбөлөрү Деректин сүрөтүн жайгаштырып койгондуктан аз убакыт ичинде 200 миңден ашуун интернет пайдалануучу ал постту жактырып, бөлүшкөн.

Кийинчерээк 6 жашар Деректин ата-энеси жөжө ошол дөңгөлөк тебелегенде эле мүрт кеткенин жана дарыгерлер андай учурда эч кандай жардам бере албаганын айтып түшүндүрүшкөнү маалымдалат.

Бул окуя туурасында уккан мектептин жетекчилиги 6 жашар Деректин мээримдүүлүгү жана айкөлдүгу үчүн ардак грамота менен сыйлады.