Без рубрики

Ирина Карамушкина: “Өткүрбек Жамшитовко кара көлөч бериш керек

Жогорку Кеңештин отурумуна келбеген Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын сынына кабылды.

Бүгүн 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аткезчилик жол менен Кыргызстандын базарларына келип жаткан товарлардын көлөмү көбөйүп кеткенин талкуулашты.

Болушунча кулач жайган контрабанданын айынан Кыргызстанга келип, андан ары мыйзамсыз жолдор менен коңшу өлкөлөргө түркүн-түрдүү товарлар агып кетип жатат дешти парламентарийлер. Мындан мамлекеттик бюджет жапа чегүүдө.

Мындай мыйзамсыздык орун алып жаткан учурда өлкөнүн башкы көзөмөл органы болгон Башкы прокуратуранын жетекчилиги Жогорку Кеңештин отурумуна келбей койгонуна нааразы болгон депутаттар чекеден чыкты.

“Кыргызстандан контрабанда товарлар келип жатканын Россиялык массалык маалымат каражаттары да айтып жатышат. Бул деген шермендечилик. Башкы прокурор кайда? Мурунку чакырылышта Башкы прокурор келип,депутатарга жооп берчү эле.Биз болсо Өткүрбек Жамшитовду такыр эле көрбөйбүз. Ага да “Кара көлөч” антисыйлыгын беришибиз керек”-деди Ирина Карамушкина.

Аткезчилик жол менен келген контрабандалык товарлардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу атайын парламентттик саат өткөрүүнү сунушташкан депутаттарга спикер Дастан Жумабеков бул маселе профилдик комитетте каралат деп жооп берди.