Без рубрики

Ирина Карамушкина: “Тандалма мамилеңерден улам мени туулган күнүм менен куттактаган эмессиңер”

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны 50 жаш кутман куракка чыгып, туулган күнү болгон Каныбек Иманалиевди куттуктоо менен башталды

Парламент спикери Дастан Жумабеков жалпы Жогорку Кеңештин атынан туулган күн ээси Каныбек Иманалиевди куттуктап, белектерди тапшырды.

Депутат Ирина Карамушкина өтүп кеткен юбилейи менен эч ким куттуктабаганын айтып, кесиптештерине таарынды.

“Силер бардыгын дайыма бул жерден куттуктайсыңыр, а менин юбилейим болгондо унутуп каласыңар. Бул эмне болгон тандалма мамиле?, — деп таарынды ал.
Ирина Карамушкинанын айтымында кесиптештери ага белекке китеп жибергенин айтты.

“Мага кыргызча китеп белек берилген.Бирок, мен кыргызча окуй албайм.Ал китепти башка бирөөгө бердим” деди депутат.

Эл өкүлүнүн таарынычын уккан спикер бул маселени тактай тургандыгын айтты.