Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту камактагы УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталиновду ден-соолугунун начардыгынан улам аны абактан чыгаруу ишин карап, аны бошотуу чечимин кабыл алды.
Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурап, бүгүнкү сот чечимин күтпөгөнүн айтты:
«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен», — деди Суталинов.
Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту айрым күбөлөрдүн келбей калгандыгынан улам сот отурумдарды февраль айынан бери улам жылдырып келген эле.
Буга чейин саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия Суталинов 4-стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруп, дарты өтүшүп кеткенин тастыктап беришкен.
Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.