Все новости

Кан жолдогу авариядан 9 адам каза тапты

Алматы-Бишкек кан жолундагы кырсыкта тогуз киши каза болгонун Алматы Полициясы департаменти билдирди

Кырсык 12-майда болуп, эртең менен трассанын 109-чакырымында «Lada» жана «Toyota Camry» унаалары кагылышкан. Каза болгондордун үчөө аял жана эки айдоочу тең кырсык болгон жерден жан беришкен.

«Каза болгондордун тек-жайы аныкталды. Алар Алматы, Чымкент шаарларынын, Түркстан жана Алматы облустарынын тургундары болгон», деп билдирди Алмыты полициясынын басма сөз кызматы.

Баштапкы маалыматка караганда, “Lada» үлгүсүндөгү автомашина рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. «Ladaны» көздөй келе жаткан «Toyota Camry» машинеси менен бетме-бет сүзүшүп кеткен. Катталган факты боюнча экспертиза дайындалып, сотко чейинки тергөө башталды.