Россияда жашап, иштеп жаткан Кыргызстандыктар үчүн,
Россия тарабынан кабыл алынган «миграциялык аминистия» боюнча эскертүү жарыяланды. Бул тууралу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди
“2019-жылдын 22-апрелине чейин миграция мыйзамдарын бузуп Россиянын аймагында жүргөн КРнын жарандары РФнын аймагынан чыкпастан миграциялык картасын мыйзамдап алууга укуктуу.
Ал үчүн жарандар белгиленген мөөнөттө РФнын ИИМнин Миграция боюнча Башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө (ID-карта менен же чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен) барса, аларга миграциялык каттоого тургузуу менен жаңы миграциялык карта берилет.
Бүгүндөн баштап http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/ шилтемеси боюнча өзүңүздү ушул амнистияга туура келгениңизди текшерип алууга болот. Эки тараптын тактоосу боюнча 130 миңден ашуун жарандын тизмеси бар. Ушул жарандар жогоруда белгиленген учурга чейин миграциялык аминистиядан пайдаланып калуусу керек”-деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.