Все новости

Каракол шаарынын тургундары уран казууга каршы митингге чыгышат

1-май күнү Караколдук жаштар уран казууга каршы митингге даярданып жаткандыгын билдиришип социалдык тармактарда маалымат таратышууда

Митинг жөнүндө Каракол шаарынын мэриясы кабары жок экенин айтып, расмий билдирүү келе электигин айтышты.

“Массалык акция өткөрүү тууралуу мэрияга расмий билдирүү келиш керек. Биз эч кандай акция тууралуу маалымат ала элекпиз”- деп билдиришти Каракол шаардык мэриясынын өкүлү.

Буга чейин социалдык тармакта уранды иштетүүгө каршы кол топтолуп жаткан. Бүгүнкү күндө ал петицияга 20 миңден ашуун жаран кол койгону белгилүү болду.