Без рубрики

Катуу сабалды деп ооруканага эс-учүн билбеген акыбалда жеткирилген 2 жашар кыз чарчап калды

Эки жумадан бери Жалал-Абаддагы ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жашар наристе өзүнө келбей чарчап калды.

Кыздын апасына жардам берип жүргөн Каныкей Азаматованын айтканына караганда наристе бүгүн, 20-майда саат 16:20 чамасында чарчап калган.

«Наристенин апасынын да абалы оор», — деди ал.

Маалыматты Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын балдар дарыгери Бахадыр Муратов да тастыктады. Ал кыздын сөөгүн туугандары алып кеткенин айтты.

7-май күнү Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында туугандарынын колунда тарбияланып жаткан 2 жашар кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Буга чейин кыздын абалы өтө оор делген болчу. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу. Алар буга чейин ажырашып кеткени маалымдалды.