Без рубрики

Кийинки жылы Апрель революциясынын 10 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленет

Бүгүн, 5-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, «Элдик Апрель революциясынын» 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду

Жарлыкта маалым болгондой, эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты.

2010-жылда 7-апрелинде кайгылуу окуяда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон «Элдик Апрель революциясынын» юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында бүгүн токтом кылынды:

«Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».