Без рубрики

Коопсуз шаар долбоору боюнча 15 күндө Кыргызстан өлкөсүнө 20 миллион сом түштү

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыгынын көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 44,4% кыскартылды. Бул тууралу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселесин кароо учурунда билдирди

Анын айтымында, жол кыймылынын эрежелерин бузгандардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 даана тийиштүү протоколдор толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айып пул үчүн 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин, айып-пулдардан түшкөн каражатынын бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык жагына жумшоо зарылдыгын белгиледи.

«2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу иши башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видеобайкоо камералары орнотулмакчы. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз деп эсептесек болот. Биздин милдет – жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу»-деп билдирди премьер-министр.