Без рубрики

«Коопсуз шаар». Штраф төлөмундө 47 млн сом айып пул жыйналды

Азыркы учурад 78 миң 164 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, анын ичинен 33 миң 133 айдоочу айып пул төлөгөн.

Айыптан мамлекеттин казынасына 47 млн 641 миң 495 сом түшкөн. Бул жонундо Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы айтып чыкты.

Үч айдын ичинде «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында мамлекеттин бюджетине 50 млн сомдой чукул каражаты түшкөну маалым болду. Бүгүндөн тарта Бишкектин дагы тогуз жол кесилишинде көзөмөл камералары иштей баштады.

Камералар төмөнкү кесилиштерге орнотулду: Бөкөнбаев — Манас; Чүй — Манас; Чүй — Павлов; Жибек Жолу — Манас; Махатма Ганди — Боталиев; Ахунбаев — Байтик Баатыр; Жибек Жолу — Курманжан Датка; Чүй — Абдрахманов; Байтик Баатыр — М. Горький. Шаар тургундары «Коопсуз шаар» ишке киргенден соң эреже бузуулар азайып, тартип орной баштаганын билдиришти. Бирок долбоор боюнча кемчиликтер дале жоюла элек.