Без рубрики

КСДП. Дагы митинг

КСДП партиясынын мүчөлөрү Адилет министрлигинин алдында «Адилетсиз министрлик» митингине чыгышты

Митингде КСДПнын саясий кеңешинин жаңы дайындалган мүчөлөрү Адиль Турдкулов, Кундуз Жодубаева,Алга Кылычовтор баш болгон партиялаштар Өкмөт башчысы Мухамедкалый Абулгазиевдин отставкага кетишин, Жогорку Кеңештин тарашын талап кылышып, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Адилет министрине кылмыш ишин козгош керек деп кыйкырышты.

“Башкы прокурор өз милдетин аткарбай Адилет министри Марат Даманкуловко кылмыш ишин козгобосо баш прокурорго кийинки баш прокурор тарабынан сөзсүз чаралар көрүлөт деп билдиришти.

«Алар биздин укуктарыбызды коргош керек, бирок эч кимисинин талаптарыбызды угайын деген ниети жок. Адилет министри Марат Жаманкулов КСДПнын төрагасынын атын алмаштыруу боюнча мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келген чечимди чыгарганы үчүн отставкага кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек” – дешти КСДПчылар.

Митингге чыккандар «Чимкирик парламент кетсин!», «КСДП Атамбаев менен!» деген кыйкырыктар менен бийликке өз нааразычылыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөрүүлөр киргизилген. «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновчитин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп оңдолгон.