Без рубрики

КСДП партиясы парламенттеги жана шаардык кеңештерден өз мүчөлөрүн күтүүдө

КСДП партиясы өз мүчөлөрүн кайра катталуу жана жаңы партиялык билет алуу үчүн күтүп жатканы маалым болду

Катчылыктын жетекчиси Таалай Усубаелиевтин айтымында 6-апрелде КСДП партиясынын съезди болот.

«Ага карата азыр даярдыктар жүрүүдө. 6-апрелде съездге катышыш үчүн 3-апрелге чейин партиялык билеттерди алмаштырыш керек. Биз билдирүүлөрдү жөнөткөнбүз. Эгер алар Иса Өмүркулов уюшутуруп жаткан мыйзамсыз иш-чарага баргысы келсе, анда партияда калтыруу же чыгаруу маселесин карайбыз. Азырынча байкоо салып. Күтүп жатабыз.»-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетели, КСДП расмий түрдө оппозицияга өткөндүгүн жарыялады. Андан мурун Иса Өмүркулов КСДП партиясынын 3-апрелде өтө турган съезди өтө тургандыгын жарыялаган.

КСДПнын саясий кеңеши бул чечимди мыйзамсыз деп атап, партиянын съезди 6-апрелде боло турганын айтышкан.