Все новости

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны ачык өтөт

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны ачык өтө турган болду. Депутат Гүлшат Асылбаева бул маселеде коммерциялык сырлар бар экенин айтып, жыйынды жабык өткөрүүнү сунуштаган. Бирок, депутаттар Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Мирлан Жээнчороев талкуунун ачык болушун каалашты. Алар, жыйын жабык өтө турган болсо комиссиянын курамынан чыга турганын билдиришти.

Жыйынга КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Бирок, комиссияга чакырылган Иманкадыр Рысалиев жана анын уулу Эрназар келишкен жок.
Май айынын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына бөлүнгөн 345 миллион сомдун мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» — 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.