Без рубрики

Кубатбек Боронов: “Мен Раимге эмес, Искендер Матримовко баргам”

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы иш-чарага катышканы тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди

Ал биринчиден, Райым Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго барганын айтып, «экинчиден, эс алуу күнү болчу, жеке сапарым» деди.

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага өкмөттөн жана Жогорку Кеңештен жоон топ бийлик өкүлдөрү барганы коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Учурда кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошууда.
Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.