Без рубрики

Кундуз Жолдубаева: “Матраимовко эч ким ишенбейт”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Райымбек Матраимовдун кайрылуусуна жооп берди. Жолдубаеванын атынан таратылган кайрылууда Райымбек Матраимов бийликтин буйругу менен экс-президентке каршы чагым жасоого аракет кылып жатканы айтылат.

«Видео кайрылууда абдан көп жалган айтылды. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин байланыштары тууралуу кеп да калп. Андыктан болбогон сөзгө комментарий бербейбиз. Атамбаевдин учурунда ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркчу. Чындыгында, бери дегенде 2011-жылдан бери Жээнбековдор анын реалдуу калкалоочусу болгонун баары түшүнүп турат» — деди ал.

Ошондой эле Кундуз Жолдубаева Матраимовдун сөздөрүнө эч ким ишенбей турганын белгилеп, мамлекеттик кызматкердин байлыгын укук коргоо органдары текшериши керек экенин кошумчалады.

13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарган. Матраимов Кара-Сууда атасынын элесине арналып өткөрүлгөн иш-чарага токтолуп, аны «Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын» айтты. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди. Матраимов өзүнүн карьералык өсүшүнө да токтолуп, экс-президенттин тушунда жогорку кызматтарга көтөрүлгөнүн айткан.