Все новости

Кундуз Жолдубаева: «Сагынбек Абдрахманов жетектеген партиялык уюмду Юстиция министрлиги каттай турган болсо, анда биз сотко кайрылабыз»

КСДП партиясынын жаңы төрагасы Сагынбек Абдрахманов
SMI.KG редакциясына партияны кайрадан каттоо боюнча расмий документтер даяр болуп калганын билдирди

“Жакынкы күндөрдө Юстиция министрлигине документтерди тапшырабыз. Партиянын аталышын өзгөртпөйбүз. Анткени, КСДП деген партия бул биз”- деп сөзүн тастыктады Сагынбек Абдрахманов.

Буга жооп катары социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Эгер, Юстиция министрлиги альтернативалуу партияны кайрадан каттай турган болсо, анда КСДП партитясы сотко кайрылат” – деди.
Атамбаевди жактаган КСДП партиясынын мүчөлөрү “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жыйынын жана 3-апрелде өткөргөн съездин легитимсиз деп четке кагып келет.

“Атайын топ иштеп чыккан план боюнча эң алгачкы кадамдарыбыздын бири — бул партиянын аймактык мектептерин ачуу. Биз партиянын жогорку мектебин ачышыбыз керек. Бүгүнкү күндө билимсиз, сапатсыз эле чоң кызматка, депутаттыкка келип жатышпайбы. Биз болсо «депутаттыкка, айылдык кеңештин төрагалыгына же айыл өкмөтүн башкарам десеңиз биздин тиешелүү мектепен өтүңүз» дейбиз. Мурда КПССтин партиялык жогорку мектеби бар эле. Биздики Кыргызстандын жаңы тарыхындагы биринчи партиялык мектеп болуп калат” – дейт журналисттерге берген интервьюсунда Сагынбек Абдрахманов.

Эксперттердин айтымында КСДПнын эки партиясын тең соттошуу күтүүдө.