КСДП партиясынын 6-апрелде өтө турган съездине карата Жалал-Абад областы боюнча делегаттарды шайлоо иш-чарасына жергиликтүү жашоочулар тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди
Кундуз Жолдубаева Facebookтагы жеке баракчасына Жалал-Абад шаарына самолет коноору менен артынан өзүн тааныштырбаган жигиттер акмалап аңдып жүргөнүн жазган. Бүгүн, 31-мартта да КСДП партиясынын делегаттарын шайлоо иш-чарасын өткөрүүгө тоскоолдуктар болуп жатканын жазып, аны видео тасма менен далилдеген.
Эскерте кетсек, КСДП партиясы өзүн оппозицияга расмий өткөнүн жарыялап, 6-апрелге съезд өтө турганы айтылган. Кундуз Жолдубаеванын айтымында өтө турган съездге карата даярдыктар аймактардан делегаттарды шайлоо менен башталмакчы.