Без рубрики

Кылмыш чөйрөсүндө чыр чатак күч алды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

Андан тышкары кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталды. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашууда.

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда учурда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Алар — Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев жетектеген топтор. Бул топтордон баш-аягы 210 киши ички иштер органдарынын атайын ыкчам каттоосуна алынган.

Эске салсак, жогорудагы үч топко тиешеси жок, өз алдынча башка майда топтордогу 1035 адам ИИМдин атайын каттоосуна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары алынган. Социалдык тармактарга «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловту милиция кызматкерлери кармаган сүрөттөр тарады. Андан сырткары, криминалдык топтун дагы бир мүчөсү кармалганы туурасында маалымат айтылууда