Кыргыз-Кытай чек арасы 5 күнгө жабылды.
1-майдан 5-майга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана «Эркечтам” өткөрмө бекеттери убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен “Жаз жана эмгек” майрамдарына байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 6-майдан баштап кадимки тартипте иштей баштайт.
Кыргыз-Кытай чек арасы Курман айт, жаңы жыл майрамдарында да жабылып турат.