Без рубрики

Кыргыз-тажик чек-ара маселеси Дүйшөмбү шаарында талкууланат

Азыркы учурда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз делегациясы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз жана Тажикстан Республикаларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйынына катыша тургандыгы маалым болду

Кыргызстандык делегациянын курамына өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген.