Все новости

Кыргыз жарандары Туркияда жоголуудабы?

Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун маалыматына караганда, Түркияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар көбөйүүдө

Дайынсыз жоголгондорду издеген уюмдардын катарында Кызыл жарым ай коому бар. Салтанат Абдыжапарова Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү долбоорун жетектейт. Ал Түркияда изделип жаткан кыргыздар көбөйүп жатканын баса белгиледи.

Негизинен миграцияга кеткен кыргыз кыз-келиндерди Кыргызстандагы туугандары Кызыл жарым ай коому аркылуу издешет.

Абдыжапарова бул өлкөгө келип, дайынсыз жоголгон кыргызстандыктарды Түркиянын Кызыл жарым ай коому менен бирге издеп табуу жаатында кызматташтык тууралуу меморандум даярдалып жатканын айтты.

Ошондой эле Түркияда ар түрдүү кырдаалда калган жарандарга колдоо көрсөткөн Кызыл жарым ай коому уюштурган коомдук борборлор бар. Түркиянын 16 ири шаарында жайгашкан бул борборлордон чет өлкөлүктөр да психологиялык, укуктук жана материалдык жардам ала алышат.