Без рубрики

Кыргызстан Ассамблеянын жаңы төрагасы шайланды

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев шайланды. Ал эми ассамблеянын буга чейинки жетекчиси Токон Мамытов кызматтан расмий алынды.

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына арналган жыйын өттү.

Бул коомдук уюмдун жетекчиси ассамблеянын IX кезексиз курултайында алмашты. Анын мурдагы төрагасы Токон Мамытовдун берген маалыматына караганда, Абдыганы Эркебаевди ассамблеянын 55 адамдан турган кеңеши шайлады.

Ал Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагалыгына 2016-жылы келген. Курултайда бул убакыт ичинде аткарган иши тууралуу отчёт берип, кеңеш аны «канааттандырарлык» деп тапты.

Улуттук статистика комитетинин жыл башындагы маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 400 миңден ашат. Анын ичинен 4 млн. 700 миңге жакыны кыргыздар. Миллионго жакыны өзбек тектүү, 350 миңден ашыгы орус улутундагы жарандар жана 70 миңден ашыгы дунган тектүүлөр.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин мурдагы төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, ассамблеяга бюджеттен каражат бөлүнбөйт, каржылык жактан эл аралык уюмдар колдоо көрсөтөт.

Кыргызстан элинин ассамблеясы Кыргызстандын элин түзгөн этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм. Ал 1994-жылы Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин 1-курултайында уюшулган.