Без рубрики

Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу аземге катышты.

Салтанаттуу иш чарада  Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков этностор аралык ынтымакты жана Кыргызстандын калкынын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына байланыштуу Ассамблеянын бир катар мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.

Ардактуу конок катары чакырылган Россия элдеринин ассамблеясынын төрагасы Светлана Смирнова, Казакстан элинин ассамблеясынын өкүлү Жансеит Туймебаев, Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетинин алдындагы улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен достук байланыштар комитетинин өкүлү Камолиддин Ишанходжаев, Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу кыймылы исполкомунун төрагасы Асрори Мирзошохрух Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси менен куттукташты. Улуттар ортосундагы ынтымак, достук жана биримдикти сактоодо Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ролу жогору экенин белгилеп, ишине ийгилик каалашты.

Салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышты.