Без рубрики

Кыргызстан менен Сауд Арабия мамилеси бекемдейт

Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуУ өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премсьер-Министрдин басма соз кызматы маалымдагандай, өкмөт башчы королго «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуулугун белгилешип, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы маселелерди талкуулашты. Премьер-министр белгилегендей, Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү жана анын тышкы саясатында өзгөчө орду бар.

«Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келишип, эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Аравиядан келген туристтердин санынын жыл сайын өсүүсү кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык», – деди Абылгазиев.