Без рубрики

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын аймагында жер титиреди

Кечээ 15- май күнү саат 23:10 чамасында Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 2 баллга чейин жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок деп билдирди ӨКМнин басма сөз кызматы.