Без рубрики

Кыргызстанды 10 жылга таза-суу менен камсыздоо үчүн 70 млн АКШ доллары жумшалган

2001- 2011-жылга чейин 533 айыл аймактарда таза суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 млн АКШ доллары жумшалган болчу . Бул тууралуу Өкмөттүн кезектеги жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди

Анын айтымында, учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайрадан оңдоо жүрүп жатат. «Бул — коррупциялык механизмдердин бар экендигин билдирип турат» — деп кошумчалады Өкмөт башчысы.

«Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда. Жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчилигин так аныктоого тийишпиз. Жергиликтүү жашоочулар жана жалданма компаниялар өз кезегинде оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөгө жардам беришет», — деп билдирди премьер-министр.