Без рубрики

Кыргызстандык өспүрүм кызды өзбек жараны зордуктаганы соцтармакка жарыяланып кеткен

Оор жүк ташуучу машине менен Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жүргөн өзбек жараны өспүрүм кызды зордуктап аткан видеосу социалдык тармакка тарап кеткенин кыздын апасы SMI.KG редакциясына билдирди

Хамида Дадабаева 4 баланын энеси, SMI.KG редакциясына ыйлап кайрылыптыр. Анын кызы 15 жаштагы Мафтуна Тургунованы Өзбекстан жараны 1989-жылы төрөлгөн Алимардан Саттаров 2017-жылдын август айында кыздын атасы үйүндө жоктугунан пайдаланып, түнкү 12 лер чамасында кирип барып Мафтунаны зордуктаган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында Өзбекстандын Фергана облусунун Кувасай шаарынын тургуну Алимардан Саттаров 15 жаштагы Мафтунаны зордуктаганы аз келгенсип,ал жыныстык катнашты чөнтөк телефонуна тартып алган да,мактанып Өзбекстандагы досторуна видео тасманы жөнөтүп жиберген. Ал тасма Москвадагы мигранттарга чейин жетип,андагы өспүрүм кыз кыргыз кызы экени маалым болгон соң, социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Дадабаева Хамида тасманы көрүп калып кызын тааныган соң, Кадамжай райондук ичики иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Бул маселе боюнча кылмыш иши козголуп, Алимардан Саттаров кылмышын мойнуна алганын жазып да берген экен.

Бирок,негедир кылмыш иши видео тасма менен далилденип турса да кандайдыр бир шылтоолор жазылып иш жабылып калган.
Эне сүтү оозунан кете элек Мафтунаны зордуктаган зөөкүр “Мен жакын эле жашайм,бирөөгө айтсаң союп таштайм” деп коркутканын кыз тергөөдө айтып берген. Мафтунанын айтымында Саттаров кыз иштеген кафеге келип ал жактан да көп жолу зордуктаган.

Дадабаева Халиданын айтымында өмүрлүк жолдошунун бир колу жок майып.Үй-бүлө жарды жашагандыктан кызы Мафтуна Кадамжайдын Үч-Коргон айылындагы Разъезд айылындагы кичинекей кафеде 50-100 сом үчүн идиш жууп иштейт.

Кызынын көз жашын көргөн ата-эне Кадамжай райондук прокуратурага арызданса ушул күнгө чейин жооп келбептир.

Дадабаева Хамиданын айтымында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн башчысы Өмүр деген жигит Алимардан Саттаровдун классташы болгондуктан көп суммадагы акча каражатын пара катары алган соң аны кое берип,ишти жаптырып салган.Тергөөчү Айзек Жумабаев да иштин жабылып калганына кош көңүл менен мамиле кылды дейт зордукталган кыздын апасы.
Кадамжай райондук прокуратурасы арызды алганы менен иш ордунан жылган эмес.