Без рубрики

Кыргызстандык чемпион дүйнө чемпионунун ыраазычылыгына татыды

2017-жылы өткөн Азия оюндарынын чемпиону, Азияда-2018 мелдештеринин коло медалынын ээси Абдурахманхаджи Муртазалиев олимпияда оюндарынын үч жолку чемпиону, дүйнө жана Европанын алты жолку чемпиону Бувайсар Сайтиевдин ыраазычылыгына ээ болду

Кечээ,1- апрель күнү Россия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведевдин иш бөлмөсүндө тарыхтагы титулдуу эркин күрөшчүлөрлөрдүн бири, олимпияданын үч жолку чемпиону, дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Европанын алты жолку чемпиону жана Россиянын төрт жолку чемпиону, Красноярскийде өткөн Иван Ярыгиндин элесине арналган турнирдин жети жолку жеңүүчүсү, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери (1995), Россия Федерациясынын Федералдык жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Бувайсар Сайтиев 2017-жылы откөн Азия оюндарынын чемпиону, эл аралык класстагы чебер Абдурахманхаджи Муртазалиевке өз колу менен ыраазычылык катын тапшырды. Анда, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жаштарды тарбиялоодо көрсөткөн жетишкендиктери үчүн ыраазычылык каты берилет деп жазылып турат

Эске сала кетсек, 2017-жылы өткөн Азия оюндарынын чемпиону, Азияда-2018 мелдештеринин коло медалынын ээси Абдурахманхаджи Муртазалиев Кыргызстандагы Джиу-Джитсу боюнча улуттук федерациясынын президенти болуп эмгектенет.