Все новости

«Кыргызтемиржолу» ишканасына караштуу имаратта бүгүн жарылуу болду

Бишкек шаарында  Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан «Кыргызтемиржолу» ишканасына караштуу имаратта бүгүн таңкы 8:50  чамасында жарылуу болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, ишкананын жүргүнчүлөрдү тейлөө борбору жайгашкан имараттагы ири буу казан жарылган. Ошондой эле, кырсыктан үч кызматкер катуу жабыр тартканын билдиришти. Азырынча, ишкананын маалымат кызматы билдирүү бере элек.